КоомОкуялар

Коррупцияга каршы чыккандар кысымга кабылды

“#REакция” деп аталган митингдердин катышуучулары катары менен коркутууларга кабылды. Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Динара Ошурахунова милицияга арыз жазса, башка бир активист президенттен кечирим суроого аргасыз болду.

«Үмүт 2020» кыймылынын мүчөлөрү да өздөрүнө карата басым күч алганын даттанууда. Бул жагдайлар коомчулукта сөз эркиндиги темасын кайрадан козгоду.

Коркутуулардын толкуну

“Youtube” порталында жана социалдык тармактарда он миңдеген көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан бул видео тасма Сагын Сабыровдун «#REакция 2.0» митингиндеги сөзү. Ал мында бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдө фактылар даана ачылганын, аны президент көрбөй жатканын айтууда.

Бирок көп узабай эле жаш активист “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу президенттен кечирим сураган пост жарыялады. Сабыров өзү муну жакындарынын басымы менен жазганын мойнуна алды.

– Туугандар менин коопсуздугумду ойлоп, «сен али жаштык кыласың, сени азыр балдар келип чаап кетишсе кыйналып каласың» дешти. «Туура эмес сөз айттың» дешкен жок, бирок «жөн кой» деген сунуш айтышты. Бийлик тараптан басынтуу болгон жок. Бирок түз болбосо да кыйыр колу жеткен жерлер бар дешти. Ошентип туугандарымдын түшүндүрүү иштеринен кийин президенттен кечирим сурап коюуну туура көрүп, текстин жазып, “Фейсбукка” чыгарып койдум. Эгер менин жакындарым, коомчулук ушинтип айтып жатышса, демек сөз эркиндигине чын эле коркунуч бар экен деген жыйынтыкка келдим,-деди Сагын Сабыров​.

Мунун алдында ушул эле акциянын башка катышуучулары түздөн-түз коркутууларга кабылганын билдиришкен.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова 18-декабрда «#REакция 2.0» тынчтык митингинин алдында ага белгисиз адам чалып коркутканына даттанган.

Буга улай эле дагы бир укук коргоочу, «Прецедент» борборунун жетекчиси Нурбек Токтакунов да телефондон опуза болгонун ачыкка чыгарды.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

– Митинг саат 11:30да башталса, мен 11:15те кеңсемден чыккам. Машинеме отурганда бейтааныш бирөө телефон чалып, «биз сага митинг-шмитингдерге катышпа деп эскертпедик беле» деди. Мага ага чейин андай коркутуу болгон эмес. Мен «Ким эскертти, сен кимсиң?» деп жиним келип кетти. Ал болсо «кыскасы, биз сага эскерттик, кийин жаман болот» деп телефонду таштап койду. Ошо менен мен акцияга барганда эле журналисттерге ачык айттым, милицияга да арыз жаздым. Митингден кийин ошол эле номерге чалсам, алган жок. Бирок мен муну саясий басым катары кабыл алдым.

Ошурахунова менен Токтакуновдун даттанууларын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы териштирип жатат. Борбор калаа милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков бул жөнүндө «Азаттык» радиосуна мындай маалымат берди.

Улан Жумаков
Улан Жумаков

– 2019-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө «Жарандык демилге» коомдук фондунун жетекчиси Динара Ошурахунова жазуу түрүндө арыз менен кайрылды. Ал 18-декабрь күнү болжол менен 10:00 чамасында ага белгисиз адамдар чалып, коркутканын билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 145-беренеси («Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошол учурда юрист Нурбек Токтакунов арыз менен милицияга кайрылган эмес. Бирок Нурбек Токтакунов 21-декабрь күнү ушул эле ички иштер бөлүмүнө жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, аны 18-декабрда белгисиз адамдар телефондон коркутканына даттанган. Бул факт да жогоруда аталган берене менен тиешелүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Сөз эркиндигине кысым»

Кеп болгон митингдер Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдөн кийин башталган.

«#REакция» деп аталган алгачкы митинг Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 25-декабрда өтүп, анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген чакырыктар менен чыккан. Мындагы «Райым» деп аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты жогорудагы иликтөөлөрдө аталган. Матраимов өлкөдөн миллиондогон долларлардын чыгарылышына тиешеси жоктугун билдирген.

Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган.

Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана иликтөөнү басып чыгарган «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Мындан кийин жарандар 18-декабрда Бишкекте кайрадан «#REакция 2.0» тынчтык митингине чыгышты. Акцияларга катышып жаткан «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлдөрү да митингдеги талаптар аткарылмак тургай, тескерисинче, өздөрү кодулоого кабылып жатканын айтышууда. Кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбек мындай дейт.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

– Бизге коркутуу митингге чейин да болгон, андан кийин да болду. Ар түрдүү адамдардын атынан «ишмердүүлүгүңөрдү токтоткула, коррупциялык схемалар тууралуу айтканды токтоткула» деген суранычтар да, эскертүүлөр да келип жатат. Күч структураларында иштеген адамдардан да угуп жатабыз. Маселен «сага карата да иш козголушу мүмкүн, даярдалып жатат» деген сөздү уктум. Мунун баары митингге эле байланыштуу эмес, биз анда жөн гана катышуучу катары чыкканбыз. Бул жалпы биздин ошол эле журналисттик иликтөөлөр тууралуу бийликтен реакция талап кылып, Райымбек Матраимовдун мүлкү жөнүндө берүүлөрдү чыгарганыбыз үчүн жана жумуштарыбызга байланыштуу ушундай кысымдар болуп жатат деп эсептейбиз.

Ушул эле «Үмүт 2020» кыймылын негиздөөчүсү, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова 20-декабрда күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин камалышын да өзүнө карата опуза катары баалаган. Ал акыркы айларда Кыргызстандагы ун ишмердигин лоббилеген аткаминерлер, депутат Канат Исаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жубайы тууралуу иликтөөлөрдү жасаган эле.

Мурдараак “Фейсбуктагы” «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков кармалганда да укук коргоочулар муну коррупция жөнүндө маселе көтөргөндөргө кысым катары баалашкан. Себеби ал да соңку мезгилде журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген кишилер жөнүндө пост жазып келген. Жоробеков 24-ноябрда кармалып, 5-декабрда үй камагына чыккан. Бирок жарандык активистке карата ачылган иш боюнча тергөө уланууда.

Ушул фактылардан кийин эле митингдердин фонунда жарандар коркутууга кабылып, акцияда сүйлөгөндөр президенттен кечирим сурап отурушат. Журналист Тынчтык Алтымышев муну сөз эркиндигине карата кысым деп атады.

Тынчтык Алтымышев
Тынчтык Алтымышев

– Жаш активистти кечирим суратып, башкаларды ачык коркутууга чейин барган бул мындай эле чыга калган кишилердин аракети эмес. Бул түздөн-түз эле бийликтин аракети деп түшүнөбүз. Анткени бийлик өзүн-өзү алаксытып, бийликти сындап, чырылдап чыга калган кишилерди коркутуп, басып коёбуз деп жатат. Мен билгенден эле социалдык баракчалардын башка колдонуучулары да эскертүү алышты. Мунун баарын карап отуруп, бийлик бир жагынан сөз эркиндигин коргойбуз дегени менен, экинчи жагынан сөз эркиндигине кысымды жакшы эле жасап жатканы белгилүү болду. Бул туура эмес жол, бийлик мындан кайтышы керек. Фактыларды айтып чыккандар менен эмес, ошол мыйзамсыздыктардын кесепети менен күрөшүш керек.

Деген менен сөз эркиндиги жөнүндө бийликте тургандардын жана аны жактагандардын жүйөсү таптакыр башкача. Бул жээктегилер көбүнчө Кыргызстанда сөз эркиндиги эбегейсиз экенин билдирүүдөн тажашпайт. Ал тургай, тескерисинче, айрым активисттер же жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрү аша чаап кетерин сынга алышат.

Мындай пикирди 25-декабрдагы басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков да коргогондой болду.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

– Биздикиндей сөз эркиндиги көп мамлекеттерде болбосо керек. Салыштырып, карап көргүлөчү, мына каалаганды айтып, каалаганды жазып жатасыңар. Мен же менин аппаратым, ошону тескей турган бөлүмдөн деле «муну жазып атасыңар» же башка бир сөз айтылдыбы? Айтылган жок да. Бизде качан күчтүү парламент, күчтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жана күчтүү жарандык коом болгондо гана өнүгүү тез болот. Ошон үчүн мен ар дайым сөз эркиндигин коргойм, коргоп келгем жана мындан ары да коргойм. Бирок сөз эркиндиги – бул чоң жоопкерчилик. Ал эркиндикти ар ким эле көтөрө албайт. Муну көтөргөндү, баалаганды да билишибиз керек.

Баса, өткөн жумада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокаттар Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Муну «Адилет» укуктук клиникасы адвокатурага карата кысым деп бааласа, башка уюмдар бул да сөз эркиндигине жасалган басымдын түрү деп аташууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button