АналитикаЭкономика

Коронавирустун кесепети Кыргызстанга да тийеби?

1990-жылдары чек аралар ачылып, өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери Кытай товарларынын чоң агымы келип, айрым бөлүгү “Дордойго” түшө баштаган. Бул базардын товар жүгүртүү көлөмү (2008-жылдагы каатчылыкка чейин), эксперттердин баасы боюнча 7 миллиард долларга жетип турган. Товарлардын негизги бөлүгүн Кыргызстандыктар коңшулаш өлкөлөргө алып чыгып, реэкспорт менен алектенишкен.

ITC жазган маалыматтарга таянсак, акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын импорт боюнча бажылык отчётторунда Кытайдан Кыргызстанга жасалган импорт, Кыргызстандан Кытайга жасалган экспорт боюнча сандар төмөндөгүдөй берилген:

Ал эми 2019-жылы Кытай Кыргызстандын башкы соода өнөктөшү позициясын кайрадан сактап калды. Биринчи жарым жылдыкта берилген эсептер боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү $873,6 млн. болгон. Кыргызстанга Кытайдан келген импорт $844,8 млн. сомду түзгөнү маалым.

Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустун экономикалык таасири Кыргызстанга тийеби?

Азырынча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ухань пандемиясы боюнча өзгөчө кырдаал жарыялай элек. Уханьда козголгон вирус менен 2003-жылдагы Катуу кармаган распиратордук синдрому (SARS) вирусунун ортосунда эбегейсиз чоң экономикалык айырмачылыктар бар. 2019-жылы Кытайдын экономикасы өспөй, кайра артка кетип жатканда Уханьдын өнүгүшү башкалардан 7,8% жогору болгон. Миллиондогон ишкер дүйнөнүн булуң-бурчунан поезд, учак менен бул шаарга каттачу. Дүйнөдөгү эң ири 500 корпорациянын кеңсеси орун алып, машине чыгаруучулар, «Microsoft» баштаган ири ишканалардын филиалдары бар эле. Ухань аба майданынан былтыр эл аралык аба каттамдарында 27 миллион жүргүнчү учкан. «Economic Intelligence Unit» уюму Ухань жайгашкан Хубэй провинциясы Кытайдын жалпы ички дүң өнүмүнө 2020-жылы 1% киреше алып келерин аныктаган. Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун Түштүк-Чыгыш Азия, Гималай, Борбор Азия менен туташтырган темир, кара жол дал ушул шаардан башталчу. 11 миллион калктуу, экономикасы өтө тез өнүккөн шаарда карантин жарыяланганы Бээжиндин экономикалык саясатын солгундатары шексиз. Коронавирус глобалдык деңгээлдеги коркунучка айланса анын кесепетин элестетүү өтө оор. Анын кесепети Кыргызстанды айланып өтпөйт. Анткени, бизге чектеш өлкө болгондугу үчүн гана эмес, өлкөбүздүн башкы соода өнөктөшү экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Кытай экономикасынын солгундашы Кыргызстандын экономикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн.  Айрыкча Кытайдан импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт. Алардан тамеки заттары ($10,9 млн), мунай зат азыктары ($5,3 млн), кымбат баалуу металлдар үчүн руда жана концентраттар ($4,5 млн). түзөт.

Андан сырткары, ун, буудай, өсүмдүк майы, каймак май (пластикалык кутучаларда жана калай банкалардагы), күрүч, шекер, кургак сүт, тоок эти, уй эти, жумуртка, гречка, кесменин түрлөрү, картошка, помидор, бадыраң, алма, банан, лимон, туз, балдарга арналган тамак-аштар, пияз ж.бу.с. азыктар кирет…

Биздин эт базарыбызда болсо Кыргызстандын эти Кытайга, Казакстанга, Иранга кетип, а биз колдонуп жаткан эттин кырк пайызы Кытайдан келип жатканын ишкерлер билдирип жатышат. Анткени ишкерлерге Кыргызстандын этин Кытайга кымбат сатып, ал жактан Кытайдын арзан этин алып келген пайдалуу. Ошондуктан базардан эт ала турган болсок, балким, ал Кытайдан келиши мүмкүн…

Жогоруда тизмеленип берилген азык-түлүктөр Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга атайын фирмалар аркылуу келишимдин негизинде үзгүлтүксүз алынып келинип турат. Мындан тышкары, жеке ишкерлер тарабынан ташылып келинген тамак-аштардын түрлөрү толтура. Мисалы: токочтор, томат пастасы, ачыткы түрлөрү, тамакка кошулуучу ар кандай татымалдар, суусундуктар, консерваланган балыктар, кургатылган жер-жемиштер, кукси… Мындай товарларды санап, так санын чыгара албайсың. Эгерде республикалык бажы комитети “аталган азык-түлүктөр эле келет” деп тастыктап жатышса, “базар толгон башка “Made in China” азыктары кантип биздин рынокторго келип жатат?” деген суроо жаралат…

Чоң экономикалык каатчылык Кыргызстандын да эшигин каккылайбы же каптап киреби деген түйшүктүү суроо ар бир жаранды ойлонтпой койбосо керек… Кытайсыз Кыргызстандын экономикалык абалы бир топ эле катаал болору талашсыз.

Андыктан, жыйынтык чыгаруу өзүңүздө…

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button