Ден-соолукКоом

Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында вирустун жаңы түрү тарап баштаган. Эксперттер өпкөнүн сезгенишин козгогон оору коронавирустун жаңы түрү экенин аныкташты.

Коронавирус деген эмне?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус — бир нече ооруну — сасык тумоодон баштап курч респиратордук белгилерди пайда кыла турган вирустардын топтому. Вирустардын 39 түрү бар, алардын ичинен алтысы адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Коронавирус жуктуруп алган адам чыйрыгып, жөтөлүп, күйүгүп, дем алууда кыйналат. Оору күчөп кеткенде өпкө сезгенип, бөйрөктүн иштөө функциясы бузулат.

вирус

Коронавирустан кантип коргонуу керек?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштары:

– колду дайыма самын же курамында спирт бар каражат менен жууп туруу;

– чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозду жана мурунду кол же кагаз сүлгү менен жабуу (андан кийин сүлгүнү ыргытып, колду жуу керек);

– дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жаткан адамдар менен байланыш түзбөө;

– чала бышкан эт азыктары менен тамактанбоо;

– жапайы жаратылыштагы жаныбарлар жана куштарга жакындабоо керек;

– эгер дене табыңыз жогорулап, жөтөлүп, дем алууда кыйналып жатсаңыз медициналык жардам алыңыз.

вирус

Коронавирус тууралуу эмне белгилүү?

Кытайда бул вирусту жуктургандардын саны 830 адамга жетип, 26 адам каза болду. Вирус жуктургандар ошондой эле Түштүк Корея, Япония, Америка, Вьетнам, Сингапур жана Таиландда табылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо эрте экенин билдирди.

Кытайда социалдык тармактарда адамдар көчөдө кулап жатканда тартылган видеолор тарап жатат.

Кыргызстанда абал кандай?

  • 24-январга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган учур катталган жок.
  • Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймактагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана эл аралык «Манас» аэропортунда коронавирус дартын текшерүү үчүн тепловизор жабдыктары орнотулду.
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан көзөмөл-өткөрүү пункттары жана аэропорттор катуу көзөмөлгө алынып жатат.
  • Ошондой эле коронавируска байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга алынып келген этке, эт азыктарына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы вирусту көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түздү.
  • Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 3 палата даярдалды. Бул палаталарга эгер коронавирус жуктуруп алгандар болсо жаткырылат.
  • 23-январда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, байланышта болуп, маалымат алмашууну макулдашышты.
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button