Экология

Колдо бар алтындын баркы жок…

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда иче турган таза суунун жоктугунан жылына 40 миң адам ичеги ооруларына кабылат. Ооруга кабылгандардын 80 пайызын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Анын ичинде жыл сайын Кыргызстанда 300гө жакын бала ичеги ооруларынан көз жумат. Мында суунун айынан ичеги ооруларына кабылгандардын көпчүлүгү Ош жана Баткен облустарында катталат. Таза сууга байланыштуу оорулардын жыл санап күч алышына айыл жерлеринде калк сууну арыктардан, көлмөлөрдөн ичкендиги негиз болууда. Ал эми балдар арасында оорунун көп жайылышына көптөгөн мектептер менен балдар бакчаларында суу түтүктөрүнүн жоктугу себеп болуп жатат. Учурда республикадагы мектептердин 22 пайызы, балдар бакчаларынын 14 пайызы таза суу менен камсыз болгон эмес.

Айыл чарба тармагында сугат суунун 35-37 пайызы жөн жерден жоготууга учурайт. Арыктардын, ирригациялык тутумдун начардыгынан жыл сайын 1,7-2,3 млрд. кубометр суу текке кетет. Мындан тышкары өнөр жай тармагында иш алып барган чакан жана орто ишканалар сууну каалагандай пайдаланып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Өнөр жайында пайдаланылган суунун зыяндуулугу дыкат иликтенген эмес. Анда-мында «Кумтөр» алтын кенинде пайдаланылган суунун зыяны тууралуу сөз болуп, зыяндуу суу сакталган жай бузулса, Нарын дарыясынын агымына кошула тургандыгы айтылууда. Өндүрүш демекчи, Кыргызстандын аймагында тоо-кен өндүрүшүнөн калган 250 млн. кубометр уулуу жана радиоактивдүү калдыктар сакталган 92 обьекти бар. Алардын көпчүлүгү Нарын, Майлы-Суу, Чүй жана Суусамыр сууларынын бассейининде жайгашкан. Зыяндуу калдыктар сакталган жерлер ачылып кетсе, сууга кошулуп, эң кооптуу экологиялык кырсыкка алып келиши ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, учурда республикада 3 миңден ашык сууда ташкын коркунучу бар. Суу ташкынына жаан-чачындан тышкары арыктардын желип калганы, суу нугунун өзгөрүшү, суунун көлөмүнүн көбөйүшү негиз болот. Мындан тышкары Кыргызстанда бийик тоодо жайгашкан 2 миңге жакын көл болсо, анын 330 жарылуу коркунучунда. Бул көлдүн баары этегинде калк жашаган тоолордо жайгашкан. Учурда жарылуу коркунучу бар көлдөр үч баскычка бөлүнгөн. Биринчи баскычка жарылуу коркунучу бар көлдөр кирсе, экинчи баскычта кооптуулугу жок, бирок байкоого алынган көлдөр, үчүнчү баскычта келечекте жарылуу болушу мүмкүн деген көлдөр турат. Мында Кыргызстанда эң кооптуу делген Чүй облусунда жайгашкан Адыгине көлү экинчи баскычтагы көлдөргө кирет.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close