Экология

Келечекте Евразияда суу тартыш болот

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келечекте өсүмдүктөр сууну азыркыдан көп ичишет. Бул өз кезегинде Евразия менен Түндүк Америкадагы суунун азайышына алып барат.

Дартмут университети (Dartmouth College) жетектеген изилдөөгө ылайык, болочокто Америка Кошмо Штаттары менен Европа сыяктуу эли жыш жайгашкан чөлкөмдөрдө жаан-чачын көп жааганына карабай, таза суу азыркыдан аз болушу мүмкүн.

Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү болочокто өсүмдүктөр дүйнөнү азыркыдан бир кыйла нымдуу кылат деген илимий ырастоону тастыктабайт.

Атап айтканда, климатты изилдеген аалымдар көмүр кычкыл газы атомоферада көп топтолгон сайын, өсүмдүктөр сууну аз ичип, кыртыш менен өзөн-сайда суу көп калат деп ойлошкон. Анда атмосферада көмүр кычкыл газы көп жыйналса, өсүмдүктөр фотосинтез жолу менен, ошондой эле сабагындагы көңдөйлөрдүн айрымдарын жаап, ошончо көлөмдөгү көмүр кычкыл газын органикалык заттарга айланып, дарактын сабагындагы көңдөйлөрү жабылганда сууну атмосферага аз бөлүп, кыртышта суу көп калат деп боолгошкон.

Климаттын өзгөрүүсү Эверест тоосунун мөңгүлөрүнө кандай таасир эткенин көрсөткөн сүрөт. 2014-жыл.
Климаттын өзгөрүүсү Эверест тоосунун мөңгүлөрүнө кандай таасир эткенин көрсөткөн сүрөт. 2014-жыл.

Жаңы изилдөө өсүмдүктөр кыртышты мурдагыдан нымдуу кылат деген теория таза сууга мол, бирок талап аз тропикага жана жогорку кеңдикке гана таандык экенин көрсөттү.

“Жерден атмосферага которулган суунун глобалдык агымынын болжол менен 60 процентке жакыны өсүмдүктөр аркылуу транспирация болот же өтүшөт. Өсүмдүктөр Жерден атмосферага аккан суунун көлөмүн жөндөп, атмосферанын ноосуна окшоп кетет. Ушинтип, өсүмдүктөр Жерде адамдар үчүн калчу суунун көлөмүн аныктоочу маанилүү фактор болуп саналат”, – деп түшүндүрөт Колумбия университетинин алдындагы обсерваториянын адъюнкт- изилдөөчүсү Жастин С. Мэнкин (Justin S. Mankin, Lamont-Doherty Earth Observatory).

Доцент Мэнкин жана коллегаларынын соңку изилдөөсү үч фактор коюн-колтук өнүгөрүн да көрсөткөн.

Биринчиден, атмосферада көмүр кычкыл газы көбөйгөндө, өсүмдүктөр фотосинтез жана кыртыштын нымдуу болушу үчүн сууну аз керектейт. Экинчиден, планета ысыган сайын вегетация мезгили узарып, жылуу болот. Үчүнчүдөн, көмүр кычкыл газынын концентрациясы көбөйгөн сайын өсүмдүктөр көп өсүп, фотосинтез да күчөшү ыктымал.

Кээ бир чөлкөмдөрдө вегетациялык мезгилдин узарышы менен фотосинтездин күчөшү өсүмдүктүн көңдөйлөрүнүн жабылышынан ылдам жүрүп, мунун натыйжасында өсүмдүк сууну мурдагыдан узак керектеп, кыртышта суу азайып, кургак жер көбөйөт.

Анын натыйжасында орто кенендиктин чоң бөлүгүндө жаан-чачын көп жаап, өсүмдүктөр сууну эффективдүү керектегенине карабай, өсүмдүктөр кыртышка жана өзөн-сайларга сууну ал калтырат. Таза суу адамдар ичкенге, айыл чарба, гидроэнергетика жана өнөр жай үчүн керек.

“Сууну бөлүштүрүү саясий жактан талаштуу, каражатты көп жеген жана узак мөөнөттүк пландоону талап кылган маселе. Мунун баары калктын кээ бир жарды (аялуу) бөлүгүнө таасир этет. Биздин изилдөө өсүмдүктөр болочокто суу менен камсыздаган универсалдуу даба боло албасын көрсөттү. Андыктан келечекте суу кандай өзгөрө турганын так билүү маанилүү”, – дейт доц. Мэнкин.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button