Коом

Канат уулунун жаңы жаздырган “Бегимай” аттуу ырын жактыргандар көбөйүүдө

11-ноябрь күнү Ысык-Көл облусундагы иш-чарадан чыгып, Кочкор районундагы жентек тойго бара жатышкан чыгармачыл топтун унаасы кырсыкка учурап, 4 адам жаракат алып, 1 адам оор абалда ооруканада жатат. Каза болгондордун арасында белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын, ырчы жаан актёр Акжолтой Канат уулу, анын келинчеги да бар эле.

Чыгармачыл жаштар каза тапкан соң алардын акыркы сапарындагы интернетке жүктөгөн видеолору, ал видеолордогу ырдаган ырлары элдин көңүлүн бурууда.

Өзгөчө Акжолтой Канат уулу жаңы жаздырган “Бегимай” деген ыры угармандар тарабынан жылуу кабыл алынып, ал ырды издегендер, “хит болмок экен, аттиң” деп бармак тиштегендер, “Бегимай, Бегимай” деп кыңылдап ырдагандар көбөйдү. Бул ыр маркум Акжолтой өзү тартылып жаткан сериалга саундтрэк катары жазылганын достору маалымдашты.

Жакындарынын айтымында Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги Изаарт Канатованын сөөгү бүгүн өзү туулуп өскөн айылы Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилди…

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close