
Аталган бөлүм президенттин жарлыгы менен бир апта мурун түзүлгөн. Башчысы — Кудайберген Базарбаев.
Камчыбек Досматов буга чейин президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Эмгек жолун Ош шаарынан баштап, шаардык жаштар комитетинин төрагасы, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө адис катары такшалган.