Дүйнө

Йеменде аба соккусунан 70 аскер курман болду

Ишембиде хусит тобунун ракетасы делген соккудан өкмөттүк жетимиш аскер набыт болду. Сокку Мариб провинциясындагы аскердик лагерге урулган. Ракета намаз маалында мечитке түшкөн. Курман болгондордун саны жетимиштен дагы көп болушу мүмкүн экени кабарланды.

Эл аралык коомчулук тааныган Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хади бул соккуну “коркоктук жана террордук” деп атап, сокку жасаган хусит – шийиттердин радикал тобунун аркасында Иран турганын белгиледи.

2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы жана башка суннит араб мамлекеттери аскердик өнөктүк баштагандан бери 10 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылды. Алардын жарымынан көбү жай тургундар. Көпчүлүгү аба соккуларынан каза табышкан.

Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды эң олуттуу кризис деп эсептейт. Жаңжалдан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж.

Толугу менен
Back to top button