Дүйнө

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун жаңы башчысы ким экени белгилүү болду

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун жаңы башчысы ким экени белгилүү болду. Бул тууралуу The Guardian гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Амир Мухаммед Абдул Рахман аль-Мавли аль-Салби террордук уюмдун жаңы башчысы болгон. Ал “Ислам мамлекетинин” террордук уюмунун мурунку башчысы Абу Бакр аль-Багдади каза болгондон бир нече сааттан кийин аталган кызматты ээлеген.

Аль-Багдадинин ордуна Абу Ибрагима аль-Хашими аль-Кураиши сунушталып, бирок террордук уюм аны колдобой койгон.

Жаңы башчы Хаджи Абдулла жана Абдулла Кардаш аттуу лакап аттары менен белгилүү.

Эске салсак, Абу Бакр аль-Багдади 2019-жылы 26-октябрда Сирия жана Түркиянын чек арасында атайын операция учурунда өлтүрүлгөн.

27-октябрда АКШнын улуттук коопсуздугунун кеңешчиси Роберт О’Брайен NBC каналына Абу Бакр аль-Багдадинин денесин 2011-жылы Усама бен Ладен сыяктуу деңизге ыргытылаарын айткан. Бул ыкма башчылардын көмүлгөн жери сыйынуучу жайга айланбасы максатында колдонулат.

Толугу менен
Back to top button