ДүйнөЭкология

Ирандагы суу боюнча баш аламандык

Ирандын Хузистан провинциясына караштуу Хүрремшехир шаарында түтүк менен келүүчү суунун кирдүү болгонун жана суунун үзгүлтүккө учурашына нааразылык билдирүү үчүн чогулгандарга полиция ок чыгарышынын себебинен 4 митингчинин каза болгону айтылууда.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Хүрремшехир шаарында чорголордон кирдүү суу аканына жана суунун токтогонуна наарызылык билдирген жүздөгөн митингчиге полиция кийлигишти.

Социалдык медиа каражатында полициянын митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонгону жана айрым митингчилердин жараланганы тууралуу видеолор орун алды. 4 митингчинин каза болгону айтылды.

Ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазли, кечээ кечинде болгон митингдерде митингчилерден кээ бирлеринин каза болгону жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Рахмани Фазли, борбор шаар Тегерандагы Ички иштер министрлигинин имаратында уюштурган маалымат жыйынында, Хүрремшехир шаарындагы окуяларда каза болгон эч ким жок экенин, болгону 1 кишинин жараланганын айтты.

Окуяларды “провокация” деп мүнөздөгөн Рахмани Фазли, Хүрремшехир жана Абадан шаарларынын суу маселесин чечиш үчүн 1992-жылы башталган жана Төңкөрүшчү сакчыларына караштуу Хатемул Энбия курулуш штабы милдеттенген Гадир долбоорунун 6-июль жума күнү процесске кире турганын жана аймакта түтүктөн аккан суу маселесинин калбай турганын айткан.

Бул учурда кирдүү суу нааразылыктарына сахна болгон Хузистан провинциясында уулангандардын саны 230га жетти.

Ирандын сот эркине караштуу маалымат барагы Мизанонлайнга маалымат берген Рамхүрмүз районунун прокурору Касым Нежад, Хузистан провинциясына караштуу Рамхүрмүз жана Эл-Фарс аймактарында 230 кишинин ууланганын, бул тема тууралуу иликтөө баштатылганын айтты.

Иранда жамгыр жаашынын жана суу булактарынын азайышы менен келип чыккан кургактык өлкөдө суу кризисине алып келүүдө.

Чорголордон да кирдүү жана туздуу суу агышынын себебинен эл, танкерлерден суу сатып алууга аргасыз болууда.

Хузистан провинциясына караштуу Хүрремшехир жана Абадан шаарлары, суу маселесине нааразылык билдирген элдин митингдерине сахна болууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button