ДүйнөИлим-БилимТехнология

Илон Маск 2050-жылга чейин Марска 1 миллион адам жөнөтөөрүн айтты

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск 2050-жылга чейин Марска 1 миллион адам жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, учурда SpaceX компаниясы Техаста 10 жыл ичинде 1000 космостук корабль куруу планын ишке ашырууда.

“Күнүнө жок дегенде 3 корабль жөнөтүүбүз керек. Ар бир адам Марска саякаттоого мүмкүнчүлүк алат. Каалоо бар бирок акча жок болсо, кредитке алса болот”- дейт Маск.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 1 кораблдын бортуна 100 киши батып, 100 тонна жүк көтөрөт. Андан сырткары Марска барып жайгашууга жыл сайын тонналаган курулуш матриалдар, азык-түлүк, суу керектелээри айтылды.

Жер менен Марстын ортосундагы аралык орбиталарга байланыштуу болгондуктан, SpaceX 2 планета жакын болгон учурда, космостук кораблдагы жүргүнчүлөрдү учурушат.

Толугу менен
Back to top button