БийликЖогорку Кеңеш

ИИМ: Феминнале боюнча материалдар каттоого алынды

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачевага болгон коркутуу жана музейде уюштурулган феминнале боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында билдирди:

— Музейде болгон иштер жана музейдин мурдагы директорунун «коркутуу болду» деген арызынын негизинде тергөө жүрүп жатат. Бул факт Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Министр муну депутат Курманкул Зулушевдин «Музейде болгон иш-чара боюнча кандай мыйзамдуу чечим кабыл алынды?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

Зулушев мунун алдында парламентте сөз сүйлөп, көргөзмөдө экспонат катары жылаңач аял чыкканы үчүн жоопкерчилик каралышы керек экенин айткан.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири — денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат. (BTo)

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close