Президент

Жээнбеков: Матраимовду коррупциянын символу кылып, мага жабыштырып жатышат

Бажыда коррупция бар экени жашыруун эмес деген президент аны менен күрөшүүгө 2 жыл аздык кыларын бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

«Азаттыктын» журналисти радио жарыялаган коррупция боюнча иликтөө, Райымбек Матраимов тууралуу айтып, бир катар фактыларды санап өтүп, дагы кандай факты керек деген таризде суроосун салды.

Жээнбековдун айтымында, мурда бийликте турган коррупционерлердин саясий технологдору Райымбек Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп, ага жабыштыруу аракетинде болуп жатат. Президент бул боюнча атайын тергөө тобу иштеп жатканын, Матраимов баш болуп, Ширин Айтматова, депутаттар суракка алынганын белгилеп өттү.

«Мен коррупцияны толук жое албасам да, жок дегенде кыскартуу жолуна түштүм. Биринчи кезекте коррупция менен күрөшкөн органдарды тазалап жатабыз. Чоң акча айланган жерде коррупция бар, чакырып алып керек болсо, сөгүп жатам… 90-жылдардан бери бажы май талкандуу коррупциялашкан адамдардын уюгу болуп келген. Ар бир президенттин башкаруусунда ар кимдин капчыктары(кошелектору) болгон. 2 жыл аз мөөнөт муну жоюш үчүн, максатым кошелекторду жок кылыш», -деди Жээнбеков.

Ал коррупция менен күрөшүү үчүн бажы бекеттерине коюлган онлайн камералар; адам факторун азайтып, бардык системаларды санариптештирүү аракеттерин белгилеп өттү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button