БийликПрезидентСаясат

Жээнбеков: Матраимовдун Дубайдагы вилласынын дарегин бергиле, чара көрөбүз

“Раим Матраимов Дубай шаарында 12 миллион долларлык инвестиция жасаган экен. Ал Дубайдын чоң жана жакшы делген районунан үй алган. Менин суроом өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кантип 12 миллион долларлык үйдү сатып алган. Ушул боюнча сиздин оюңуз кандай?”,-деп сурады Чолпон Төраханова.

Президент дайымкыдай эле факты берүүсүн өтүндү. Өз кезегинде суроо берип жаткан Төраханова «Азаттык» басылмасы өз иликтөөсүндө баарын далилдеп, фактылар менен көрсөтүп койгонун айтты. Президент сөзүнүн аягында «Азаттыктын» материалы боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барып жатканын белгилеп, суроо берген кызды фактылары болсо вилланын дарегин так аныктап иликтөөгө көмөк көргөзүүгө чакырды. Ошондой эле өлкө башчы суроо берген кыздын аты жөнүн тактап жазып алды.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button