Без рубрики

Жээнбеков: мага президенттик бир эле мөөнөт жетишет

Сооронбай Жээнбеков президенттике 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. Кыргызстанда президенттик мөөнөт беш жыл.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өзүнө бир эле президенттик мөөнөт жетерин жар салды.

Маалымат жыйыны аяктап калганда мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева убакыт аягына келип калганын, иш-чара үч саатка созулганын эске салды. Бул учурда Жээнбеков өзү залда улам кол көтөрүп жаткан азербайжандыктардын жана түрк тилдүү мамлекеттер биримдигинин башчысы Нусрет Мамедовго сөз берүүнү сунуштады.Ал Жээнбековдон алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн экинчи мөөнөткө баруу пландары боюнча сурады. Президент аны колу менен жаңсап токтотту.

“Жок, мага бир эле мөөнөт жетет! Токтоткула, токтоткула”, — деп жооп кайтарды.

Мындан соң президент журналисттерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button