БийликПрезидент

Жээнбеков: “Коррупция менен күрөшө албагандар арыз жазып кеткиле”

Коррупция менен күрөшүү колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланышы керек экендигин билдирди.

“Сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Аны жөн эле айтып коюш оңой. Силер да реформа кылып жатабыз дегениңер менен көрүнбөй жатат. Коррупция менен күрөшүүнү алгач өзүңөрдөн баштагыла. Ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылбай, тазалангыла. Колуңардан мындай кылуу келбесе, өз эркиңер менен арызыңарды жазып кете бергиле”,-деди Жээнбеков.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт