Президент

Жээнбеков: Атамбаевдин тагдыры эми менин колумда эмес

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эместигин билдирди.

«Ал үчүн да, мен үчүн да, өлкө үчүн да оор күндөрдө чогуу болдук. Биз чогуу эл кабыл албаган режимдерге каршы күрөштүк… Мен президент болгондон бери бир да сөз айткан жокмун (Атамбаевге-ред.). Анткени эл биримдиги, мамлекет бүтүндүгү менин абийиримден да, тагдырымдан да бийик турат. Кантип айтса да, эмне кылып атса да, көңүл бурган жокмун. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барышып, бийликти басып алууга чакырыктар айтылды. Бирок аягында өзүн, мени, мамлекетти туңгуюкка алып келип койду. Азыр эми анын тагдыры мыйзам чегинде чечилет. Анын тагдыры менин колумда эмес. Ага чейин экөөбүздүн колубузда эле. Андан өтүп кетти. Азыр эми сот бийлигинин колунда. Парламент саясий баасын берди. Мен бир нерсе кошуп айта албайм. Албетте, анын тагдыры менин жүрөгүмдү оорутат», -деди Жээнбеков.

Президент бир топ адамдардын кызыкчылыгын эмес, мамлекеттик кызыкчыгын коргогонго өткөнүн кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуялары боюнча өтө оор сегиз берене боюнча айып тагылууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button