БийликПрезидент

Жээнбеков: Ар бир президенттин тушунда бажыдагы коррупционерлерди калкалагандар болуп келген

Анын айтымында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле бажыдагы коррупционерлерди калкалагандар болуп келген. Бүгүн мындай көрүнүштү жок кылууга болгон аракет жумшалууда.

«Бажы тармагы бир эле бизде эмес көпчүлүк өлкөлөрдө коррупциялашкан. Анткени акча ал жерде өтө көп. Учурда коррупцияга каршы күрөшүү жүрүп жатат. Баарыңыздар билесиздер 1990-жылдан бери таможня коррупциялашкан тармак катары белгилүү. Эмне үчүн ушул күнгө чейин бул маселе чечилбей келген. Анткени ар бир президенттин тушунда таможняда иштегендерди калкалап тургандар болгон. Жада калса атайын «капчыктар“ бар болгон. Бирок азыр күрөшүү катуу башталды. Бүгүнкү күндө андай капчыктар жок. Бажы тармагындагы коррупциялык схеманы жок

кылууга эки жыл аздык кылат. Баары Матраимовдорду айтып жатышат бирок ага окшогондор бажы тармагында ондоп саналат. Таможняда иштегендердин арасында карапайымы жок. Муну баары билсе дагы Раим Матраимовду бажыдагы коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келгендер болуп жатат. Биз баарына каршы тегиз күрөшүп жатабыз. УКМК азыр тергөө иштерин жүргүзүүдө. Суракка баары келүүгө милдеттүү. Мен билгенден эки депутат жана Ширин Айтматова ошондой эле Раим Матраимов сурак берип кетти. Бул иш боюнча калган фигуралар дагы келип сурак берүүсү керек»-дейт Жээнбеков.

Ал өз сөзүндө журналисттер иликтөөсүндө айтып жаткандарын юридикалык жактан бекемдеп, суракка келүүлөрү керектигин айтты. Ошондой эле Жээнбеков бажыдагы коррупцияны жоюу максатында постторго сканерлер коюлуп, санариптештирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу кеңири иликтөө жарыялаган болчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button