Без рубрикиВидеоКоом

Жылаңач кыздардын көргөзмөсүнөн кийин Мира Жангарачева кызматтан кетти

27-ноябрь күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” аталышындагы көргөзмөсүнүн бет ачары болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны феминисттик көз караштагы иш-чара катары баалап, андагы айрым көрүнүштөргө нааразы болушкан.

Коомдо чуулуу талкуу жараткан “Кормилица” көргөзмөсүнөн кийин Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Директордун арызына министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, 27-ноябрь күнү аталган музейде “Кормилица” аталышындагы көргөзмөсүнүн бет ачары болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны феминисттик көз караштагы иш-чара катары баалап, андагы айрым көрүнүштөргө нааразы болушкан. Социалдык тармактарда көргөзмөнүн элементи катары жылаңач кыздардын жүргөнү айтылып, сүрөт, видеолору тараган.Маалыматка караганда, көргөзмөнүн авторлору алдын ала аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча иш-чара өткөрөрүн айтышкан.

“Экспозицияны карап туруп, тема “аялдардын экономикалык эркиндигинен” кыйла өзгөчөлөнүп турарын айтуу зарыл. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик иш-чара макулдашылбай туруп өткөрүлгөнүн эскертти.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button