БийликВидеоЖогорку Кеңеш

Жыйында ыйлаган кыз. Жогорку Кеңеш түшүндүрмө берүүгө даяр (видео)

Айрым медиа каражаттарында “Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, кичинкей кыз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон бир эле депутаттар эмес, операторлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишкен. Бул жагдай кичинекей кызды толкунданткандай болгон.

“Кичинекей коногубуз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулардын бардыгы, бир эле депутаттар эмес, телеоператорлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишти. Бул жагдай кичинекей коногубузду толкунданткандай болду. Видеонун Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тарткан версиясында жыйынды алып барган вице-спикер Аида Касымалиева кичинекей коногубузга кайрылып: “Жакшы маалымат бергениң үчүн сени колдоп кол чаап жатабыз. Азаматсың!” деп айтканын угууга болот. Жыйындын катышуучуларынын бардыгынын пикири ушундай деп ойлойбуз. Биз ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен дагы бул окуяны талкуулап, толугураак түшүндүрмө берүүгө даярбыз”, – деди Нуракун уулу.

20-ноябрда Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынан келген балдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Анда балдар өзүнүн укуктары боюнча да пикир алышып, андан сыртары өзүнүн каалаган суроолорун депутаттарга узатып, тийиштүү жоопторун ала алышкан.

Учурда бул видеону социалдык тармактын колдонуучулары да кызуу талкуулап жатышат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close