Экономика
Жумуш таппай жүрөсүзбү? Бишкекте ата мекендик компаниялар ишке чакырат

Жумуш издеп жаткан жарандар эртең, 21-ноябрда, иш берүүчүлөр менен түзмө-түз сүйлөшүп, вакансиялар менен тааныша алышат.
Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынан билдиришти.
Жарманке 21-ноябрь күнү Бишкектеги М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Саат 10:00дө башталат. Дареги: Тоголок Молдо, 58 (Фрунзе менен кесилишет).Жарманкеде ата мекендик ишканалар жумуш издегендерди бош вакансиялар менен тааныштырышат. Ал жерден иштин шарты боюнча толук маалымат алууга болот.
Суроолор пайда болсо (312) 30-37-44 жана 30-37-48 номерлери аркылуу байланышса болот.