Маданият

ЖСМдин угуучулары КТРКда

Бүгүн, 19-октябрь Жогорку Саясий Мектептин угуучулары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында болушту. Жогорку Саясий Мектептин окуу программасындагы PR менеджемент жана коммуникация сабагынын кезектеги практикалык сааты КТРКнын имаратында өттү. ЖСМдин угуучуларын Медиакоммуникация боюнча окуу борборунун жетекчиси Лаишова Аделя Умедовна коштоп жүрдү. Угуучулар КТРКнын имараты, жаңы заманбап технологиялар менен жабдылган телестудиялары жана ал жерде иштеген журналисттер, кызматкерлери менен таанышышты.

КТРК – Кыргызстандын дээрлик баардык аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган эң чоң корпорация болуп саналат. КТРКнын курамына “Коомдук биринчи канал”, “Музыка”, “Баластан”, “Маданият тарых тил”, “КТРК Спорт”, “Ала-Тоо 24” каналдары жана “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял FM”, “Достук”, “Балдар FM” радиостанциялары кирет.

КТРКга болгон экскурсияда угуучулар “Бактылуу айым” программасынын студиясы жана “Эл Билет” теледолбоорунун автору Мирлан Самыйкожо менен жолугуп, ой бөлүшүштү. Жолугушууда Самыйкожо ЖСМдин угуучулары менен кызматташуудан баш тартпай турганын айтып өттү. Ошону менен бирге атайын балдарга арналган берүүлөрдү даярдаган “Баластан” каналына да баш багышты, бул жакта балдар үчүн түзүлгөн дизайн-анимациялык студия менен таанышышты. “Кыргыз радиосу” жана “Миң кыял” радиосунун жамааты, алардын ишмердигине да күбө болушту.
Өлкөбүздүн эн чоң телекорпорациясы катары КТРК өз ишмердүүлүгүн мыкты деңгээлде алып барып жатканына, жаңы технологияларды колдонуу менен сапаттуу берүүлөрдү даярдап жатканына күбө боло алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жогорку Саясий Мектептин жетекчиси Таттыгүл Маматкадыр кызы угуучуларды кабыл алып, ЖСМ менен бирге кызматташтык жүргүзгөнү үчүн КТРКнын жамаатына рахмат айтып, башкы директор Жайнак Усен уулуна ыраазычылык кат тапшырды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close