КоомМаданият

Жогорку Саясий Мектепте “Айтматов ааламы” аталышындагы иш чара өттү

Бүгүн 12-декабрда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Жогорку Саясий Мектептин жалпы жамааты китеп окуу акциясын өткөрдү. Бул тууралуу акциянын уюштуруу тобунун жетекчиси Зиягүл Инашова билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жаштарды китеп окууга чакыруу максатында уюштурулду.

«Мындай иш-чараларды буга чейин бир нече ирет өткөргөнбүз. Быйыл да бираз мастштабдуу өткөрүүнү пландап, Айтматовдун чыгармалар жыйнагын, кызыктуу адабий китептерди чогултуп, көркөм окуу боюнча акция уюштурдук. Ага мектеп окуучулары, мугалимдер, студенттер жана биздин жамаатыбыз болуп жалпы 40-50дөй адам катышып, китеп окуп кетишти, – деди ал.

Иш чара Улуттук Аракеттин башкы кеңсесинде “Айтматов ааламы” деген аталышта  болду.

Бул саамалык “Жогорку Саясий Мектеп” тарабынан демилгеленип, иш чаранын жүрүшүндө каалоочулар арасында Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу боюнча сынак өткөрүлдү. Катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана мактоо баракчалары ыйгарылды.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда төрөлгөн. 1950-жылы 12-декабрда акын Алыкул Осмонов көз жумган. 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси, Жогорку Кеңештин колдоосу менен 12-декабрь “Улуттук адабият күнү” деп белгиленген.

Толугу менен
Back to top button