БийликЖогорку КеңешСаясат

Жапаров: Финансы министри болуп иштеп берүүгө дайыма даярмын

Финансы министри болуп иштеп берүүгө дайыма даярмын. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Тыштан келген насыяларды жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу” темасы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

“Мен дайыма эле даярмын. Болгону менин шарттарым бар. Мисалы, мени Алмазбек Атамбаев чакырганда айткам: “Үч жыл иштетиңиз, үч жылдын ичинде бюджетти үч эсе көтөрүп берем деп”, – деп. Бакиев деле беш жыл иштетем деген, бирок үч жыл иштетип койду. Азыр сунуш түшө элек” , – деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 2005-2007-жылдары Экономика жана каржы министри, 2009-жылы биринчи вице-премьер министр, 2011-2012- жылдары кайрадан Каржы министри болуп иштеген. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 3 793,59 млн. АКШ долларын түздү. Октябрь айында республикалык бюджеттен 18,58 млн. АКШ доллары тышкы карызды тейлөөгө сарпталды.

Толугу менен
Back to top button