Коом

Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу изделүүдө

Маалыматтарга караганда Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнө жоголгон баланын ата-энеси арыз менен кайрылган.

Шамсидинов Абдуло Давлатбекович 2005-жылы 18-декабрда туулган.  Ал ушул жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Үстүндө кара курткасы, башында кара кепкасы, бутунда кара кроссовкасы болгон.

Эгер ушул баланын дайынын билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну жоголгон баланын ата-энеси суранат. Тел: 0555 102 853; 0222 535 717; 0772 877 769.  — деп айтылат билдирүүдө

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close