Дүйнө

Кытайда бир күндө коронавирустан 245 киши өлдү

Кытайдын Хубэй провинциясында бир күн ичинде өпкөнү сезгенткен коронавирустан 243 киши каза тапты. Натыйжада дабасы табыла элек бул илдеттен көз жумгандардын саны 1369 кишиге жетти. Өлкө аймагында вирусту жугузуп алгандардын саны 60 347 адамга чукулдады.

Кытай бийлиги инфекцияга кабылгандарды аныктоо үчүн жаңы ыкманы колдоно баштаганын, мындан улам 13-февралга карата коронавирусту жугузгандардын саны кескин көбөйгөнүн маалымдады. Бирок бул кабар вирустун чыныгы масштабы тууралуу тынчсызданууларга себеп болду.

Жаңы статистика жарыялангандан көп өтпөй вирус биринчи катталган Хубэй провинциясынын эки жогорку жетекчиси кызматтан алынды. Апта башында да Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагына жооптуу бир катар аткаминерлер иштен айдалганы кабарланган.

Кытайдан башка дүйнөнүн 30 аймагында кеминде 565 кишиде вирус аныкталды. Гонконг менен Филиппинде бирден бейтап илдеттен көз жумду. Жапониянын Йокохама портунда карантинге алынган круиздик кеменин бери дегенде 218 жүргүнчүсү вирусту жугузганы ырасталды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close