Дүйнө

Идлибде өкмөттүк армиянын тик учагы атып түшүрүлдү

Сириянын Идлиб провинциясында өкмөттүк армиянын тик учагы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу өлкө президенти Башар Асадга каршы согушуп жаткан Сириянын оппозициялык күчтөрүнүн командачылыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак Идлиб шаарынын түштүк ыптасында жайгашкан куралдуу козголоңчулардын көзөмөлүндөгү аймакка түшкөн. Учкуч курман болгону кабарланууда. Тик учакта андан башка адам болгон-болбогондугу тууралуу маалымат жок.

Айрымдар тик учакты түрк армиясы атып түшүрүшү мүмкүн деп боолгошот. Сириянын оппозициясы болсо алар атып түшүргөнүн айтып жатышат.

Шейшембиде орусиялык учактар Идлиб шаарына абадан сокку урганы кабарланып, Интернетте кыйраган жерлердин сүрөттөрү чыккан.

Идлибде айыгышкан согуш жүрүп жатат. Оппозиция өкүлдөрү түрк артиллериясынын көмөгү менен Асаддын армиясына каршы согушту улантууда. Сириянын өкмөтүн Орусия колдойт.

Түркия соңку күндөрү куралдуу оппозициянын таянычы саналган Идлибде аскерлерин көбөйттү.Акыркы күндөрү алты киши өлдү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шейшембиде Сирия түрк жоокерлеринин өлүмү үчүн «өтө чоң кун төлөрүн» эскертти.

Расмий алганда Түркия жана Орусия Идлидбе жаатташкан тараптарды элдештирүүнүн ролун ойнойт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close