Дүйнө

Гонконгдук миллиардерден Уханьга 18 миллион долларлык жардам

Гонконгдун эң бай кишиси жаңы коронавирустун борбору Кытайдын Ухань шаарына жардам үчүн 18 миллион долларга жакын жардам берди.

The Strait Times кабарлагандай 91 жаштагы ишкер Ли Ка Шингдин фондунун Ухань үчүн  17, 87 миллион долларлык жардамы  Кытай Кызыл Крестинин арачылыгы менен таркатылат.

Фонд Гонконг жана Уханьдагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жардам үчүн материалдарды алгандыгы да белгиленди.

Ли Ка Шингдин 28, 3 миллиард долларлык байлыкка ээ экендиги билдирилди. Ошол эле учурда  Вьетнам аба жолдору JSCге таандык бир учак менен Вьетнам жарандарынын Ухань шаарынан эвакуациялангандыгы маалымдалды.

JSCден берилген маалыматта Ухандан эвакуацияланган Вьетнам жарандарын ташыган учактын бүгүн эрте менен Куанг Нинь аймагындагы Ван Дон аэропортуна конгондугу белгиленди.

Жүргүнчүлөр менен экипаждын 14 күн байкоодо боло турган карантин аймагына жиберилгендиги билдирилип, Ухандан эвакуацияланган Вьетнам жарандарынын саны тууралуу маалымат берилген жок. Вьетнам Кытайга карата бардык учак каттамдарын токтоткон болчу.

Кытайда NCP эпидемиясынан каза болгон киши саны 909га, вирустан таасирленген киши саны 40171ге жеткен.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close