Экология

Дүйнөдөгү таза суу тартыштыгы

Бириккен улуттар уюмунун соңку билдирүүсүндө дүйнө калкынын саны өсүшү менен таза сууга болгон муктаждык күн санап күч алганы айтылат. Суу башында турган Кыргызстанда болсо суу түтүктөр курулбай, жүздөгөн кишилер таза сууга зар.

Уюм өз билдирүүсүндө дүйнө калкынын 89 пайызы таза суу менен камсыз болду деген менен 800 миллион киши дагы деле кир суу ичүүгө аргасыз экенин айтат. Ал эми БУУнун отчеттун француз кайрымдуулук уюму төгүнгө чыгарып, таза сууга муктаж адамдардын саны дүйнөдө дээрлик 2 миллиардка чукул деп билдирүүдө.

Суу башында туруп, суу ресурстары менен коңшуларын суктандырган Кыргызстандын калкы ушу кезге чейин толугу менен таза суу менен камсыз боло элек.

Расмийлердин айтымында 2000-жылдан бери дүйнөлүк банк бөлгөн 69 миллион долларга 500дөн ашуун айылда суу түтүктөрү орнотулуп, дээрлик бир миллион кыргызстандыктар таза суу менен камсыз болгон. Дагы 40 миллион долларлык долбоорлор иштеп, 2013-жылга чейин 148 айылда суу түтүктөрү орнотулмакчы.

Айылдардын баарын таза суу менен камсыз кылууну максаттаган бир канча өкмөттүк программалар жазылып, эл аралык донор уюмдар каражат бөлгөнү менен маселе дале толук чечилбей келет.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS Image caption Суу башында турган кыргызстандыктар дагы ушул кезге чейин таза суу менен толук камсыз боло элек

Айрым айылдарда ушул күнгө чейин суу түтүктөр жок. Бирлери таза сууну жүздөгөн чакырымдан ташып келсе, айрымдары жамгырдын суусун тосуп, болбосо аккан арыктан суу ичүүгө аргасыз.

“Биздин айыл суунун башында туруп таза суусу жок. Суу бул сайдан алып ичебиз, бирок бул сайдын башында канчалган мал сарайлар бар. Биз бала чактан ушу сууну ичип көнуп калсак керек, эч нерсе деле болбойбуз. Бирок балдар сарык болуп ооруп жатат”,-деп кеп салды Чүйдүн Ак-Торпок айылынын Жакшылык Акматов.

А түгүл сууну литрлеп сатып ичкендер дагы бар. Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар конушунун тургундары таза суунун бир литрин 50 тыйындан сатып алып ичишет.

“Күнүнө кем дегенде 100 литр суу керек болот бизге. Ал эми кир жууган күндөрдү айтпай эле коюн”,-дейт Ак-Жардын тургуну.

Бул өндүу таза сууга чанкаган шаар калкынын саны күн санап өсүүдө. Миграция агымы менен Бишкектин калыкы көбөйүп, таза сууга болгон муктаждык өсүп жатат. Кептин баары таза суунун тартыштыгында эмес, дал ошол сууну ар бир шаардыктын үйүнө жеткире турган түтүктөрдүн эскилиги жеткенинде болууда.

“Каражаттын тартыштыгынан суу түтуктөрдү алмаштыруу иштери өтө жай жүрүп жатат. Бишкектин тургундарынын үйүнө таза суу жеткирген түтүктөрдүн 60 пайыздан ашууну эчак эскилиги жеткен. Совет мезгилинде курулган шаардык суу канал 800 миң кишини таза суу менен камсыз кыла алат. Ушу тапта Бишкекте миллиондон ашуун киши жашаары айтылат. Мындан улам шаардыктардын баарын таза суу менен камсыз кылуу кыйынга турууда”,- дейт Шаардык суу каналдын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев

Бириккен улуттар уюуму арадан бир муун өткөн соң дүйнө калкынын 60 пайызы шаарларда жашаарын айтып, таза суу шаар калкы үчүн чоң койгойго айланаарын эскертет. Кыргызстан бул маселе менен эми эле бет келүүдө.

КоронаLIVE
  • USA 1,890,947
    USA
    Жуктургандар: 1,890,947
    Ооруп жаткандар: 1,133,159
    Айыккандар: 649,189
    Каза тапкандар: 108,599
  • Brazil 560,737
    Brazil
    Жуктургандар: 560,737
    Ооруп жаткандар: 275,750
    Айыккандар: 253,570
    Каза тапкандар: 31,417
  • Russia 432,277
    Russia
    Жуктургандар: 432,277
    Ооруп жаткандар: 231,105
    Айыккандар: 195,957
    Каза тапкандар: 5,215
  • Spain 287,406
    Spain
    Жуктургандар: 287,406
    Ооруп жаткандар: 260,278
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,128
  • UK 279,856
    UK
    Жуктургандар: 279,856
    Ооруп жаткандар: 240,128
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,728
  • Italy 233,836
    Italy
    Жуктургандар: 233,836
    Ооруп жаткандар: 39,297
    Айыккандар: 160,938
    Каза тапкандар: 33,601
  • India 207,615
    India
    Жуктургандар: 207,615
    Ооруп жаткандар: 101,497
    Айыккандар: 100,303
    Каза тапкандар: 5,815
  • Germany 184,228
    Germany
    Жуктургандар: 184,228
    Ооруп жаткандар: 8,246
    Айыккандар: 167,300
    Каза тапкандар: 8,682
  • Peru 174,884
    Peru
    Жуктургандар: 174,884
    Ооруп жаткандар: 100,860
    Айыккандар: 69,257
    Каза тапкандар: 4,767
  • Turkey 166,422
    Turkey
    Жуктургандар: 166,422
    Ооруп жаткандар: 30,961
    Айыккандар: 130,852
    Каза тапкандар: 4,609
  • Iran 160,696
    Iran
    Жуктургандар: 160,696
    Ооруп жаткандар: 27,478
    Айыккандар: 125,206
    Каза тапкандар: 8,012
  • France 151,677
    France
    Жуктургандар: 151,677
    Ооруп жаткандар: 53,201
    Айыккандар: 69,455
    Каза тапкандар: 29,021
  • Chile 113,628
    Chile
    Жуктургандар: 113,628
    Ооруп жаткандар: 26,180
    Айыккандар: 86,173
    Каза тапкандар: 1,275
  • Saudi Arabia 91,182
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 91,182
    Ооруп жаткандар: 22,444
    Айыккандар: 68,159
    Каза тапкандар: 579
  • China 83,021
    China
    Жуктургандар: 83,021
    Ооруп жаткандар: 73
    Айыккандар: 78,314
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 17,267
    Afghanistan
    Жуктургандар: 17,267
    Ооруп жаткандар: 15,451
    Айыккандар: 1,522
    Каза тапкандар: 294
  • Kazakhstan 11,796
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 11,796
    Ооруп жаткандар: 5,508
    Айыккандар: 6,240
    Каза тапкандар: 48
  • Tajikistan 4,191
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,191
    Ооруп жаткандар: 1,796
    Айыккандар: 2,347
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,843
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,843
    Ооруп жаткандар: 813
    Айыккандар: 3,014
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,871
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,871
    Ооруп жаткандар: 586
    Айыккандар: 1,265
    Каза тапкандар: 20
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close