Экология

Дүйнөдөгү таза суу тартыштыгы

Бириккен улуттар уюмунун соңку билдирүүсүндө дүйнө калкынын саны өсүшү менен таза сууга болгон муктаждык күн санап күч алганы айтылат. Суу башында турган Кыргызстанда болсо суу түтүктөр курулбай, жүздөгөн кишилер таза сууга зар.

Уюм өз билдирүүсүндө дүйнө калкынын 89 пайызы таза суу менен камсыз болду деген менен 800 миллион киши дагы деле кир суу ичүүгө аргасыз экенин айтат. Ал эми БУУнун отчеттун француз кайрымдуулук уюму төгүнгө чыгарып, таза сууга муктаж адамдардын саны дүйнөдө дээрлик 2 миллиардка чукул деп билдирүүдө.

Суу башында туруп, суу ресурстары менен коңшуларын суктандырган Кыргызстандын калкы ушу кезге чейин толугу менен таза суу менен камсыз боло элек.

Расмийлердин айтымында 2000-жылдан бери дүйнөлүк банк бөлгөн 69 миллион долларга 500дөн ашуун айылда суу түтүктөрү орнотулуп, дээрлик бир миллион кыргызстандыктар таза суу менен камсыз болгон. Дагы 40 миллион долларлык долбоорлор иштеп, 2013-жылга чейин 148 айылда суу түтүктөрү орнотулмакчы.

Айылдардын баарын таза суу менен камсыз кылууну максаттаган бир канча өкмөттүк программалар жазылып, эл аралык донор уюмдар каражат бөлгөнү менен маселе дале толук чечилбей келет.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS Image caption Суу башында турган кыргызстандыктар дагы ушул кезге чейин таза суу менен толук камсыз боло элек

Айрым айылдарда ушул күнгө чейин суу түтүктөр жок. Бирлери таза сууну жүздөгөн чакырымдан ташып келсе, айрымдары жамгырдын суусун тосуп, болбосо аккан арыктан суу ичүүгө аргасыз.

“Биздин айыл суунун башында туруп таза суусу жок. Суу бул сайдан алып ичебиз, бирок бул сайдын башында канчалган мал сарайлар бар. Биз бала чактан ушу сууну ичип көнуп калсак керек, эч нерсе деле болбойбуз. Бирок балдар сарык болуп ооруп жатат”,-деп кеп салды Чүйдүн Ак-Торпок айылынын Жакшылык Акматов.

А түгүл сууну литрлеп сатып ичкендер дагы бар. Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар конушунун тургундары таза суунун бир литрин 50 тыйындан сатып алып ичишет.

“Күнүнө кем дегенде 100 литр суу керек болот бизге. Ал эми кир жууган күндөрдү айтпай эле коюн”,-дейт Ак-Жардын тургуну.

Бул өндүу таза сууга чанкаган шаар калкынын саны күн санап өсүүдө. Миграция агымы менен Бишкектин калыкы көбөйүп, таза сууга болгон муктаждык өсүп жатат. Кептин баары таза суунун тартыштыгында эмес, дал ошол сууну ар бир шаардыктын үйүнө жеткире турган түтүктөрдүн эскилиги жеткенинде болууда.

“Каражаттын тартыштыгынан суу түтуктөрдү алмаштыруу иштери өтө жай жүрүп жатат. Бишкектин тургундарынын үйүнө таза суу жеткирген түтүктөрдүн 60 пайыздан ашууну эчак эскилиги жеткен. Совет мезгилинде курулган шаардык суу канал 800 миң кишини таза суу менен камсыз кыла алат. Ушу тапта Бишкекте миллиондон ашуун киши жашаары айтылат. Мындан улам шаардыктардын баарын таза суу менен камсыз кылуу кыйынга турууда”,- дейт Шаардык суу каналдын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев

Бириккен улуттар уюуму арадан бир муун өткөн соң дүйнө калкынын 60 пайызы шаарларда жашаарын айтып, таза суу шаар калкы үчүн чоң койгойго айланаарын эскертет. Кыргызстан бул маселе менен эми эле бет келүүдө.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button