Коом

Депутат Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге кылмыш иши козголду

Талант Исаев былтыр октябрь айында ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

 ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү («Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү») боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Генерал-майор Талантбек Исаев ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын башчылыгына 2018-жылы октябрда дайындалган.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close