БийликЖогорку КеңешСаясат

Дастан Жумабековду ЖКнын төрагалыгынан кетеби?

Масалиев парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков акыркы күндөрү коомчулукта терс жактан талкууланып жатканын билдирди. Ошондой эле төрага азыркы ээлеген кызматына даяр болбогонун көрсөтүп жатканын кошумчалады.

«Мен фракцияга аны кызматтан чакыртып алууну сунуштадым, ал азыр талкууланып жатат. Жакынкы күндөрү сунушум колдоо табат деп үмүт кылам. Мен ушундай кадамга барышыбыз керек деп ойлойм. Жок дегенде бир нерсе кылалы», — деп жазды эл өкүлү.

Ал эми Масалиевдин пикирине парламент төрагасынын басма сөз кызматы азырынча жооп бере элек. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын көтөргөн маселесин колдоп, Дастан Жумабеков төрагалык кызматка эмес жада калса айыл өкмөттө иштөөгө дэңгээли жетпестигин жазып жатышат.

Дастан Жумабековду ЖКнын төрагалык кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүүдө фото 3
Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков төрагалык кызматка 2017-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал көпчүлүк учурда текст окуп жатканда же сөз сүйлөгөн учурда кетирген каталары үчүн коомчулук тарабынан ар-кандай сындарга кабылып келген. Алардын бири катары акыркы окуяны эстей турган болсок, ал Германиядагы Франкфурт-на-Маяне шаарынын аталышын туура эмес окуп уят болгон. Өз сөзүндө Жумабеков «2017-жылдын 18-сентябрында Франфуркт жана Маяне шаарында кол коюлган….»-деп окуган.
Мындан сырткары ал Матраимовтордун үй-бүлөсүн колдоорун билдиргендиги үчүн дагы коомчулуктун сынына кабылган. Ал өз сөзүндө Матраимовдордун үй-бүлөсү элге кызмат кылаарын айткан болчу. Бирок бүгүнкү күндө «Азаттык», «OCCRP» жана «Клооп» басылмалары биргеликте Раим Матраимовдун бажы кызматында иштеп тургандагы коррупциялык схемалары тууралуу иликтөө жасашкан.
Кыскасы төраганын коомчулуктун сынына кабылган окуяларын айта берсе түгөнбөйт. Ошондуктан биз макалабызды анын «кулакка тээп», «лапшаны илип» деген жаргон создөрү менен аяктайбыз.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close