
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматы шаарынын “Кайрат” футболдук клубунда ойноп баштады. Бул тууралуу казакстандык клубдун маалымат кызматы билдирди. Алардын маалыматында келишим 2+1 схемасында түзүлгөн.
Өткөн сезондо Гүлжигит Алыкулов Беларусиянын “Неман” футболдук клубунда ойноп, 24 оюнда атаандаштарынын дарбазасына 4 гол киргизип, 4 пайдалуу топту чыгарып берген.