БийликЖогорку КеңешСаясат

«Гомосеку, сексуалю, гомес… ушу гомесекс»: Аттила менен мультфильмдеги каарманды алмаштырган депутат

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Жунгли китептери» («Книги джунглей») чыгармасындагы Акела аттуу каарманды, тактап айтканда карышкырды гунн уруулар союзунун колбашчысы Аттила менен алмаштырды.

«Марал» радиосунун түз эфиринде Икрамовго «Парламенттин жыйынында сөздү туура айта албай калгандан кийин кандай абалда болдуңуз, кандай кабыл алдыңыз?» деген суроо узатылды.

Суроого депутат: «Мен негизинен аларга көңүл деле бөлгөн жокмун. Сөздөн адашып калдым. “Маугли” мультфильминдеги “Аттила чалынып же жыгылып калды” деп шакалдар кыйкырып жүрө берет го. Мен ошондой эле кабыл алдым. Мен уяттуу эч нерсе кылган жокмун. Эгерде бир жерде мас болуп же борбор аянтта жылаңач жүрсөм уялмакмын. Талаш-тартышта эмоциямды кармай албай, сөздү туура эмес айтып алдым», – деп жооп берди.

Аттила — Борбордук Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган гунн уруулар союзунун колбашчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан.

Акела — Редьярда Киплингдин «Жунгли китептери» («Книги джунглей») чыгармасындагы каарман, тактап айтканда карышкыр.

————————————————————————-

Буга чейин Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында гомосексуализм сөзүн айта албай кыйналган.

Ал Бишкекте 8-март күнү өткөн жөө жүрүш тууралуу: «Жаман көрүнүш болду. 2014-жылы апрель айында кабыл алынган гомосеку, сексуалю, гомес… ушу гомесекс жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын беренелерине карай турган болсок, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомдук жайларда пропагандалоого тыюу салынат. 8-март — Аялдардын күнүнүн баркын кетиришти. Гомосексуализм ВИЧти жайылтат. Менин маалыматыма караганда бул жүрүштү Украина, Прибалтикадан атайын провокаторлор келип уюштурушуптур», – деген.

Эл өкүлүнө жооп берген коопсуздук кызматынын өкүлү мындай маалымат жок экенин билдирген.

«Силерде маалымат жок болгондуктан гомосексуалисттерди көчөгө чыгарып жатасыңар», – деген Икрамов.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button