ВидеоКоомОкуялар

Саркарбаев Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусу боюнча интервью берди.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев Төлөгөн Рахманберди уулунун прездентке кайрылуусунда негиз жоктугун, бирөөнүн кызыкчылыгы экенин айтып чыкты:

«Мурунку жана жакынкы окуя боюнча иликтөө болгон. Тиешелүү орган кызматкерлерине сурак бергем. Мыйзам баарыбызга бирдей. Төлөгөн менин иним болот, бир жерде чогу машыкканбыз. Ал боюнча Оштогу бардык спортчулардан сурасаңар болот. Менин ал жерде эч кандай тиешем жок. Бирөөнүн кызыкчылыгы болуп жатат. Бул иш боюнча  УКМК, ИИМ суракка чакырды. Бүгүн барып калышым мүмкүн», -деди ал.

Саркарбаев Раим Матраимов менен анын эч кандай байланышы жоктугун айтып, ал адамды патриот жигит катары таанып, сыйлай турганын белгилейт.

«Раимбек Исмаиловичти кыргыз жигити, спортчуларды колдоп жүргөн адам катары сыйлап, тааныйм. Башка байланышыбыз жок».

Ош мэриясы Саркарбаевди кызматтан алабы?
Ал ортодо Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров Кылыч Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси  дүйшөмбү күнү караларын «Т-Медиага» билдирди. 
“Негизи Кылыч Саркарбаевге биринчи окуя боюнча кылмыш козголгон эмес. Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон атышуу боюнча окуя факт катары гана катталган. Мындан улам тийиштүү органдардын териштирүү жыйынтыгын күткөнбүз. Бирок алар Саркарбаевди күнөөлү деп тапкан жок. Кечээ түндө болгон окуя боюнча да азыр конкреттүү айтыла элек. Жабырлануучу социалдык тармактарга кайрылуу чыгарып жибергени үчүн, мэрия Саркарбаевдин моралдык жагын карамак болду. Анын кызмат абалын жетекчилик чечет. Кызматтан алынышы мүмкүн». 
14-февралда «Фейсбук» социалдык тармагына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видеокайрылуусу чыккан. Анда Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калгандыгын, Ошто жашоо кыйын болуп жатканын билдирген. 

Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып аны коркутушканын билдирген. Ал “Бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын айткан.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери жетектеп жатат. Былтыр шаар мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган.

 

Булак
T-Media
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close