ВидеоОкуялар
Маанилүү

Эрежесиз уруштун чебери Төлөгөн Рахманберди уулу президентке кайрылды

2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан. Бирок, Рахманберди уулу бул маалыматты төгүндөгөн. Ал тапанчаны кармап олтуруп кокустан өзүнүн бутуна өзү атып алганын айтып чыккан.

Бирок 14-февральда Фейсбукта Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылган тасмасы жарыяланды.

Анда ал Нурбек Раимбековдун адамдары тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан. Ага кошумча Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев да бутуна мылтык менен атканын билдирген. Ошондой эле, бүгүнкү күндө балдак менен басып жүргөнүнө карабай, Матраимовдордун адамдары коркутууларын уланып жатканын маалымдаган.

Айта кетсек, Төлөгөн Рахманберди уулу эрежесиз мушташтын чебери, бир-нече дүйнө биринчиликтеринин чемпиону. Муну менен катар Рахманберди уулунун крим чөйрөдө да аты аталып келет. Анын “казак” каймана аты менен белгилүү болгон крим афторитеттин чөйрөсүнөн экенин жазгандар бар.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close