ВидеоСаясат

Жанар Акаев: “Жеңиш Разаков кызматын тапшырсын же элден кечирим сурашы керек”

“Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүнтөн калбай элден кечирим сурашы керек” деген талабын койду депутат Жанар Акаев. Бүгүн 22-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн Акаев Разаковдун сөзү элди мазактоо деп сыпаттады.

Жеңиш Разаков кечээ комитетте “чек араны тактап бергиле, жардам бергиле” деп чыккан элди кимдир бирөөлөр каржылаган, алар акчага чыккандар деп атады. Бул элди мазактоо, Жеңиш Разаков бул сөзүнө сот алдында жооп бериши керек же бүгүнтөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Факты жок. Кыш чилдеде чек арадан бери эл кыйналып келип, өкмөткө талабын коюп, радикалдуу сөздөрдү эмес, элдин, карапайым калктын талабын айтып жатса аларды акчага чогулгандар деп атады. Бул абдан чоң ката. Разаков же кызматын тапшырсын“,- деген талабы менен депутат Жанар Акаев өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Ошондой эле чек арадагы чырга байланыштуу камакка алынган эки жаранды укук коргоо органдары боштсун деген талабын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “13-январда менин отставкамды талап кылып чыккан Бишкектеги митинг акчага уюштурулган”,-деп билдирген.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close