Спорт

Валентина Шевченко мыкты нокаут наамына талапкер болду

UFC чемпиону Валентина Шевченко 2019-жылдын мыкты нокауту наамына талапкер болууда. UFC уюму жыл жыйынтыгын чыгарып, түрдүү дисциплиналарда мыктыларын аныктоодо.

Жылдын мыкты нокауту наамына Валентина Шевченко жана Хорхе Масвидаль талапкер болду. Шевченко биринчи жолу титулун коргоодо Жессика Ай менен беттешип, атаандашына буту менен сокку узатып, нокаутка учураткан. Ал эми Масвидаль 5 секундда Бен Аскренди “уктаткан” эле.

Ошондой эле мыкты сабмишн наамына Хабиб Нурмагомедов менен Марлон Мораес, жылдын мыкты кайтып келүү наамына Энтони Петтис менен Жессика Андраде талапкер болушту.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы декабрь айынын аягында жыйынталмакчы.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close