Коом

Бычак шилтеген кишини байкап. Мэр троллейбус айдаган келинге сыйлык тапшырды

Калаа башчысы троллейбустун айдоочусу жана милиция кызматкерлери менен жолугуп, аларга ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаган милиция кызматкерлери менен №2 троллейбустун айдоочусуна ыраазычылык билдирди.

  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов поблагодарил сотрудников милиции, задержавших мужчину с ножом, а также водителя троллейбуса № 2, сообщившую о преступнике
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов поблагодарил сотрудников милиции, задержавших мужчину с ножом, а также водителя троллейбуса № 2, сообщившую о преступнике
1 / 2
© ПРЕСС-СЛУЖБА МЭРИИ ГОРОДА БИШКЕК
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаган милиция кызматкерлери менен №2 троллейбустун айдоочусуна ыраазычылык билдирди

Окуя кечээ, 20-ноябрда, болгон. Милициянын маалыматына караганда, троллейбустагы киши жүргүнчүлөргө бычак шилтеп коркуткан. Андан соң качып кетүүгө аракет жасаган, бирок акыры укук коргоочулардын колуна түшкөн. Троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева Sputnik агенттигине окуянын чоо-жайын баяндап берген.

«Муниципалитеттин жетекчиси айдоочу аялдын эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди. Азиз Суракматов Светлана Тургунбаевага саат тапшырып, милициянын кызматкерлери Адилет Абдылдаев, Мирислам Алимбеков жана Медербек Таалайбековго ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бычак ала чуркаган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close