КоомМаданият

Болот Шамшиевди бүгүн 24-декабрда​ жерге берилет

Маалыматка караганда, маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 24-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, 21-декабрда «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев 78 жашында дүйнө салган. Ал бир айдан бери президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева — белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна тапшырган. Ал студент кезинде окуп жүргөндө эле кинорежиссер Н. Шепитьконун «Аптап» киносунда башкы ролду аткарып, Ч. Айтматовдун «Ботогөз булак» чыгармасынын негизинде кино тартып, кинодо өз чыйырын баштаган.

1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатып, өзүнүн дипломдук ишин даярдап, «Манасчы» илимий-популярдуу тасманы ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу «манасчы» Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы «Манасчы» фильми Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Гран-Прини алган.

Б.Шамшиев «Манасчыдан» кийин «Чабан» аттуу документалдык фильм тартып, андагы жаш режиссердун сюжеттеги таамай табылган идеялары анын кийинки көркөм фильм тартуусуна кеңири жол ачат.

Залкар режиссерго алгачкы ийгилик жараткан «Караш-Караш окуясы» (1968), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971) көркөм тасмалары болуп эсептелет. Бул фильмдер эл аралык деңгээлде коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

«Ак кеме» көркөм тасмасы (1975) — режиссер Б. Шамшиевдин, кыргыз улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон, ири чыгармачылык жетишүүсү болгон. «Ак кеме» тасмасы 1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл Союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы — Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

«Эрте жазда келген турналар» (1979) тасмасы дагы Б. Шамшиевдин чыгармачылык биографиясында көрүнүктүү тасмалардын бири. Режиссер бул тасмасы аркылуу анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин көрсөткөн.

«Бөрү зындан» (1983) — советтик прокаттагы эң кассалуу тасмалардын бири болгон. Бул — кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. «Бөрү зындан» көрүүчүгө жетишерлик эмоционалдуу таасир берет жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.

1985-жылы Б.Шамшиев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдогуловага арналган «Снайперлер» тасмасын тартуу үчүн «Казахфильмге» чакырылган.

Болот Шамшиев (1989-1995) Жогорку Кеңеште депутат, (1998-1999) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы туризм жана спорт агенттигинин директору катары мамлекеттик кызматта, ал эми 1999-2000-жылдары Бириккен Араб Эмираттыгында Кыргызстандын башкы консулу катары кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Болотбек Шамшиев 90-жылдары «Салам-Алик» киностудиясын түзүп, улуттук оюндарга, мелдештердин жайылуусуна көп күч жумшаган, 1996-жылы азыркы «Көк-бөрү» оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан. «Манас» эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде, 1995-жылдагы эсте каларлык күндөрдө көргөн абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктар: Кыргыз ССРнын Ленин комсомол сыйлыгы (1969); Кыргыз ССРнын эл артисти (1975); СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977); СССРдин эл артисти (1991); III даражадагы «Манас» Ордени (1997); II даражадагы «Манас» Ордени (2006) менен сыйланган.

Толугу менен
Back to top button