БийликСаясат

Бишкек шаарында метро курула турганы тууралуу маалымат жалган.

Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев мэр Азиз Суракматовдон:

«Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкекке метро куруу боюнча келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Курулуш 2020-жылы башталып, 2025-жылы аяктайт экен. Бул такталган маалыматпы?», – деп сурады.

Азиз Суракматов: «Мындай долбоор жок», – деп жооп берди.

«Анда Сарпашов [«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы, мурунку вице-мэр] канадалык компания менен келишим түзгөнү да жалганбы?», – деди Мүзүралиев.

Мэр бул абдан кымбат долбоор экенин, мындай келишим түзүлбөгөнүн билдирди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button