Президент

Бишкекти каптаган түтүн. Президент конуштарды газга өткөрүү керектигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Тоо 24» телеканалынын Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча берген суроосуна жооп берип жатып, калаа четиндеги бардык конуштарды газга өткөрүү керектигин айтты:

«Газдаштырганда гана бул маселе (кара түтүн) да чечилип баштайт. «Газпром» ишканасы 320 чакырымга газ куурун өткөрүп, 16 миң үйгө газ кирди. Быйыл 6 миң үйгө газ киргизүү пландалып жатат. Өндүрүштү газга өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот».

Мамлекет башчысы белгилегендей, шаардын булганышынын дагы бир себеби — ички миграциянын күч алганы. Айрыкча Бишкек шаарына келишип, калаанын айланасында конуш көбөйдү. Машиналардын санын да мисал келтирди.

«Үйлөр ар кандай салына берип шамалдар шаарга жетпей калып жатат. Биздин шаар чуңкур жерде да жайгашкан экенбиз. Электроэнергия менен жүргөн машиналарды көбөйтүү керек. ЕАЭБде да бул маселе коюлуп жатат. Гибрид унааларга салыктарды алып салыш керек. Ошто да, Бишкекте да электронунааларды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».  

Көйгөйдү чечүү үчүн аракеттер жүрүп жатканын кошумчалап, Бишкек шаары боюнча жети паркты калыбына келтирүү иштери мерчемделгенин белгиледи.

Ушул тапта Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарып, маалымат жыйын өткөрүүдө. Ага бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button