Бийлик

Бишкектин айрым жерлеринде 19-ноябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

«Энесай» суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу борбор калаанын бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин «Энесай», «Дордой – 1» жана «Дордой – 2» кичи райондорунда таза суу убактылуу токтотот. Ошондой эле төмөнкү даректерде да таза суу убактылуу өчүрүлөт:

  1. №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда;
  2. №21, №94 мектепте;
  3. Орхон 2, 2а, 4 көчөсүндөгү жеке бала бакчасында;
  4. «Бегимай Дордой» жеке бала бакчасында;
  5. №21 муниципалдык аймактык башкармасында;
  6. №20 китепканада;
  7. №6, №7 милиция бөлүмүндө;
  8. Свердлов райондук коомдук алдын алуу борборунда.
Эскертүү Ичүүчү суу өчүрүлө тургандыгына байланыштуу шаардык бала бакчалар жана мектептер иштебейт!
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close