БийликЭкономика

Бишкекте электробустар пайда болушу мүмкүн

2020-жылы Бишкек шаарына электробустар алынып келиши мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 14-январда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында Автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Анын айтымында, автобустарды сатып алууга тендер жарыяланат.

«Тендер бешке бөлүнөт: 18 метрлик, 12 метрлик, 10 метрлик, 8 метрлик автобустар жана электробустарды сатып алуу. Дүйнө экологиялык транспортко өтүп жаткандыктан биз кошумча электробустарды кошууну чечтик. 60-100 даана электробус сатып алууну болжолдоп жатабыз», – деди ал.

Н.Койчубаков лизингдин шарттарына да токтолуп, анын мөөнөтү 15 жылдан кем эмес экенин кошумчалады.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button