КоомОкуяларСаясат

Бишкекте Садыр Жапаровду колдогон митинг өтөт.

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митинги өтөт. Бул туурасында анын тарапташтарынын бири Бактыбек Калмаматов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Биз кимдир бирөөлөрдү сындоо үчүн эмес, Садыр Жапаровду колдоо үчүн бара жатабыз. Жана ошондой эле президентибиздин ырайымдуулугунан шегибиз жок экендигин баса белгилейбиз.», – дейт Калмаматов.

Иш чара ишемби күнү, 19-декабрда Горький паркында (Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилиши) саат 12:00дө башталат.

Эске салсак, буга чейин да Бактыбек Калмаматов өзүнүн расмий баракчасына Садыр Жапаровду колдоп, анын президенттин ырайымына татыктуу экенин белгилеген кайрылуу чыгарган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button