Окуялар

Бишкекте ок атылып, машиналар жабыркады

Шаардык милиция Бишкек шаарынын батыш тарабындагы окуя боюнча жеринде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, Бишкектеги Асаналиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, жеринде төрт машина жабыркаган.

Автоунаалардын терезеси талкаланып, бир автоунаа бакты сүзүп токтогон.

Окуя болгон жерде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Жеринен тартып алган сүрөттөрдө жабыркаган машиналардын биринин маңдайкы терезесинде Транспорт жана жолдор министрлигинин күбөлүгү чапталган.

Алдын ала маалымат боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чатакташа кеткен.

Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close