Экология

Бишкекте “Машинесиз бир күн” акциясын өткөрүү сунушталды

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары 4-декабрда тургундарды автоунаа айдап чыкпоого чакырышты. Алар муну менен Бишкекти каптаган түтүндүн көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бургусу келет.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.

Адистердин айтымында, абаны автоунаалардан чыккан газ, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн булгап жатат. Мэрия күн сууктагандан бери айрым тургундар цехтен чыккан кездеменин өөндөрүн, желим буюмдарды жагып жатканын билдирип, шаардыктарга беткап кийүүнү сунуштаган.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кыргыз бийлиги кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чараларды көрө элек.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close