Окуялар

Бишкекте мас киши 8-кабаттан кулап кетти

Кечээ, 19-январда Свердлов районунун Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынын балконунан 1969-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши 1-кабатта жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жабыркаган жаранды түшүрүп «Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Белгилүү болгондой, кулап кеткен адам мас абалында болгон. Ал Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген, абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button