КоомМаданиятОкуяларЭкология

Бишкекте жаңы жылдык жардыргычтардан баш тартуу сунушталды

#БишкекСмог флешмобунун уюштуруучулары бишкектиктерди жаңы жылдык салюттарды аттыруудан баш тартууга чакырды. “Салюттун ордуна жашоо” деген чакырык менен үндөгөн демилгечилер, калаадагы кара түтүндү кайра дагы күчөтүп албайлы дейт.

Жардыргычтарга кетирген акчага бет кап сатып алып муктаждарга берсе деген оюн билдиришти. Ал эми бардык кайдыгер эмес жарандарды бул акцияга кошулууга чакырат.

Эске салсак, 12-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы тынчтык акциясын өткөрүшкөн. Экологдор, велобирикменин өкүлдөрү, бардык кайдыгер эмес жарандар бул акцияны колдоп чыгышкан.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button