Илим-БилимКоом

Бир метеоритте Жер шарындагы эң эски зат табылды

Бир метеоритте Жер шарындагы эң эски зат табылды.

Натыйжалары «Proceedings of the National Academy of Sciences» журналында жарыяланган изилдөөдө 1969-жылы Австралияга түшкөн Murchison метеоритинде мындан 4,6 миллиарддай жыл мурда пайда болгон Күндөн жана Күн системасынан дагы эски минералдык бөлүкчөлөрдүн табылганы маалымдалды.

Америкалык жана швейцариялык адистер изилдешкен 40 бөлүкчөдөн айрымдарынын 5-7 миллиард жыл мурдагыга таандык экенин, бул абалдын бөлүкчөлөрдү Жер шарында билинген эң эски заттарга окшогонун жарыялады.

Жумушчу тобунун лидери жана Чикаго университетинде кызмат кылган илимпоз Филипп Хек, минералдык бөлүкчөлөр үчүн «Жылдыздардын чыныгы өрнөктөрү, чыныгы жылдыз чаңдары»,-деп айтты.

Кичине жана орто чоңдуктагы жылдыздар жок болуу стадиясына киргенде кызыл дөөлөргө айланышат жана тышкы катмарлары жарылат. Астрономдор кеңейген бул зат булуттарын планеталык небула деп аташкан.

Бара-бара планеталык небуланын ичиндеги заттар муздайт, катып чаң жана минерал бөлүкчөлөрүн пайда кылат. Жер шарына түшкөн айрым метеориттер ушундай бөлүкчөлөрдү камтыйт.

Толугу менен
Back to top button